Венецияны суу ташкыны каптады. Шаарда чукул кырдаал жарыяланышы мүмкүн

Венецияда суу ташкыны шаардын 80 пайызын каптап, акыркы 50 жылда суунун деңгээли 187 сантиметрге көтөрүлдү. Мындай көрүнүш соңку ирет 1966-жылы гана болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Шаардын тарыхый борборун толугу менен суу каптаган. "Ыйык Марк" аянтындагы суунун деңгээли бир метрге жетет. Белгилүү "Ыйык Марк" чиркөөсүн да суу каптаган. Туристтер, жашоочулар мейманканаларга жана үйлөрүнө терезе аркылуу кирүүгө аргасыз болууда, себеби подъезддер да сууга толгон.

78 жаштагы Венециянын жашоочусу үйүн суу каптаганда, электр тогуна урулуп каза болгону да айтылууда.

Шаар мэри Луиджи Бруньяро суунун деңгээлинин көбөйүүсү көпкө жааган жамгырдын кесепетинен улам болгонун билдирген. Анын айтымында, бийлик келтирилген зыянды эсептөөнү баштады.

Орточо эсеп менен Венецияда ар төрт жылда жазында жана күзүндө суунун деңгээли көтөрүлүп турат. Бул деңиз деңгээлинин көтөрүлүүсү жана жаан-чачынга байланыштуу. Адатта суу 110 сантиметрге чейин эле көтөрүлүп турат.

Италиянын түндүк-чыгышында жайгашкан Венеция дүйнөнүн төрт тарабынан туристтер агылып барган шаарлардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан