Жыныстык катнашка баруудан баш тарткан аялын 13 жолу бычактап өлтүргөн тажикстандык жаранга сот чечим чыгарды

Тажикстандын түштүгүндөгү Хамадони районунун 43 жаштагы жашоочусу Фаррух Халифаевге карата соттун чечими чыкты. Ал бир жыл мурун аялын мыкаачылык менен өлтүргөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын 18-июнь күнү болгон. Анда Фаррух Халифаев үйүнө эртең менен келип, балдары менен уктап жаткан аялын ойготкон.

"Ал аялы Арус Раззокованы башка бөлмөгө чакырып, интимдик катнашка чакырган. Бирок аялы үйдө коноктордун бар экенин айтып, андан баш тарткан. Буга байланыштуу экөөнүн ортосунда чыр чыгып, Раззокова күйөөсү менен жашагысы келбей турганын айткан. Халифаев буга ачууланып, сырттан ашкана бычагын көтөрүп келип, аялынын денесинин 13 жерине сайып өлтүргөн. Андан кийин ал укук коргоо органдарына өзү барып кылмышы тууралуу айтып берген", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, Арус Раззокова 32 жашта болгон. Халифаев экөөнүн төрт баласы бар. Алар үй-бүлөсү менен Раззокованын атасынын үйүндө жашашкан.

Райондук сот Халифаевди күчөтүлгөн тартиптеги абакка 11 жыл, 6 айга камоо чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Paol
2019-11-13 22:47:52
11 жыл аз го
+19
brunette
2019-11-14 09:31:26
11 жыыл? Адам өлүп атса ушунча эле береби?
+10
Alichur
2019-11-14 11:29:46
20 жыл берсе да аз болмок
+6
Alichur
2019-11-14 11:30:29
20 жыл берсе да аз болмок
+6
Tolik777
2019-11-14 11:35:02
Аз 11 жыл, мандай чириктерди чиритиш керек до конца. 11 жылын дагы кыстартатда
+4
nazgul20
2019-11-14 12:18:47
11 жыл? Тажикстанда бизден жаманго
+6
assr
2019-11-14 14:03:59
Аны барып туугандарга айткыла
+4
Jelezo
2019-11-14 14:25:45
Тажикстанда коррупция биздикинен жаман
0
Asyl10
2019-11-14 16:48:03
Телефон уурдаганга кечээ куну 6 жыл берди, адамдын омуру эки телефондун баасындай эле экен да, адам олтургондорго, тем более балалуу аялды олтургондордун жазасын кучотуу керек. Кылмышын мойнуна алып, далилденген болсо адам олтургондорду атып эле салыш керек.11 жылдан кийин чыгат, кайра эле акмакчылык кылып журо берет да.
+2
Sharipa-asia
2019-11-14 20:11:09
Мындайларга 20жылдан ашык беришпейби жок дегенде
+2
aiba_00
2019-11-15 09:04:47
Эркектер эмеси турганда келесоо болуп калат деген чын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан