Казакстанда 9 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүп, өрттөп салган адамга химиялык кастрация жасалат

Казакстандын Жамбыл облусунда 9 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүп анын денесин өрттөп салган адамды сот өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, сот кылмышкерди өмүр бою камакка алуудан тышкары химиялык кастрация кылуу чечимин чыгарган.

"9 жаштагы кыз 24-апрелде мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ата-энеси укук коргоо органдарына кайрылып эртеси кыздын өрттөлгөн жансыз денеси Каратау шаарынан табылган. Тергөө иштеринде кылмышкер аны велосипедге отургузуп алып кеткени белгилүү болгон. Бул учур видеокөзөмөлгө түшүп калган. Кыз анын велосипедине отурууга дароо эле макул болушу мүмкүн, анткени ал киши кыз жашаган үйдүн астындагы чачтарачка бат-баттан келип жүрчү жана кыз аны мурда көрүп жүргөн деген божомолдор айтылган. Соттолгон адам 6 жыл мурун да 12 жаштагы кызды зордуктоо аракетин көргөн деп кармалган. Анда анын жаман ою ишке ашкан эмес. Сот аны күнөөсүз деп таап эркиндикке чыгарган", - деп жазылат маалыматта.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө бычуу ыкмасын (кастрация) колдонуу боюнча мыйзамга 2016-жылы кол койгон.

Химиялык кастрация - сексуалдык зомбулуктун алдын алуу үчүн колдонулуучу медициналык ыкма. Бул бир жолу сайылуучу инъекция. Ал өз күчүн жоготпошу үчүн 1 жылда 2 жолу сайылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
katerina.li
2019-11-14 10:32:36
Ыйлайсынго ушундай жанылыктарды окуп алып,журок тилинет.баарыбызда бала чака бар,Кудай жамандыктын бетин нары кылсын. Эч бир ата эне балам деп ыйлабасын
+30
OMURBEK.
2019-11-14 10:33:31
Эң жакшы чечим бизде качан болот ушундай мыйзам
+24
Nurik929394nur
2019-11-14 16:09:59
OMURBEK.,бизде эчкачан андай мыйзам болбойт.бизде кылмышкер жоок баары шекттуу .или супер инфодон окуугансынбы эшматов ташмат камалды дегенин .баары А М болууп сотко чеин акталышып чыгышат шекттуу болушуп.
+9
Azat.1996
2019-11-14 10:54:33
Өмүр бою камалса, кастрация эмне кереги бар? Түрмөнүн ичинде кимди зордуктамак эле... Эркиндикте жүргөндө бычып салса болот, өмүр бою ырахатты сезбей өтмөк
-5
Uli6886
2019-11-14 11:45:11
Azat.1996, Сот жакшы эле чара колдунуптур...
+13
Tolkun555
2019-11-14 12:00:35
Azat.1996,кесип эле салыш керек
+13
aiba_00
2019-11-14 12:09:55
Омур бою соттолсо да кесип салсын,Наристени зордуктаганына омур бою окунуп жашасын тиягы жок.
+16
Erik_83
2019-11-14 12:15:52
Омур бою камалса дагы 30 - 40 жылдан кийин амнистияга илешип кетишы мумкун. Ошондуктан кастрация эн жакшы ыкма.
+15
murat17
2019-11-14 13:22:43
бизде дагы бычып салыш керек
+9
Aimani
2019-11-14 13:27:24
Бизге да ушундай закон керек
+9
ilgizk
2019-11-14 20:18:25
Бизге түбүнөн кыркып салган мыйзам киргизиш керек жепжутарлар.
+8
Pandora
2019-11-15 03:51:16
Бизге хирургиялык киргизуу керек
+2
Shokoladka94
2019-11-15 09:14:27
Кесип туруп, орду тубу менен алып, турмодо аял корбогон зордукчуларга кошуп коюш керек
0
Aituwas
2019-11-15 20:31:46
Биротоло жарабай турган кылыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан