Улуу Британияда энелеш бир тууган ага-карындаш 6 балалуу болушкан. 2 баласын өлтүргөндүгү үчүн алар 35 жылга камакка алынышты

Чет элдик маалымат булактары көп балалуу ата-эненин өз балдарын өлтүрүшкөнүн жана аларга карата соттун чечимин жазышууда. Ага ылайык, Улуу Британияда энелеш бир туугандар Сара Баррас менен Брэндон Мэчин жубайлар катары жашап, 6 балалуу болушкан. Сара Баррас 35 жашта, Брэндон Мэчин 39 жашта. Алар жакыр үй-бүлөдөн болгондуктан балдар үйүндө чоңоюшкан, ал жактан чыккандан кийин жыныстык катнашка барып, чогуу жашап калышкан.

Алардын үй-бүлөсү жөнүндө социалдык кызматкерлер билип, абалын текшергенден кийин балдарды балдар үйүнө алып кетиши мүмкүн болгон. Бирок бир туугандар балдарын ал жакка бербөө үчүн 13 жана 14 жаштагы 2 баласын тумчуктуруп өлтүрүшкөн. Окуя ушул жылдын май айында болгон.

Соттук териштирүү иштеринде алар калган дагы 4 баласын өлтүрүүнү пландап жүрүшкөнү маалым болгон. Алар балдарга баңгизатын берип, андан кийин тумчуктуруп өлтүрмөкчү болушкан.

Сот балдардын ата-энесин "адам өлтүрүү" жана "адам өлтүрүүгө аракет жасоо" жана башка бир катар беренелер менен күнөөлүү деп таап 35 жылдан камакка алуу чечимин чыгарган.

Соттук отурумда балдардын энеси: "Мен аларга өмүр бергем, аны алып да коё алам" деп айткан. Сарра Барастын социалдык тармактагы баракчасында адам өлтүрүү тууралуу билдирүүлөр бар сүрөттөр жүктөлгөндүгү жазылат маалыматта.

Балдардын бири ата-энелерин сот 300 жылга камашын каалай турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aikaaaa
2019-11-14 21:07:28
Балдарынын акыл эси кандай болду экен?
+6
Mintip-menu-suybo
2019-11-14 23:51:03
Эрди катындын коздору эле жаман экен
+4
Shokoladka94
2019-11-15 09:16:35
Кебетен менен кара .........
+1
boston___
2019-11-15 11:35:50
корунушунон кинодогу терс каармандарга окшошкен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан