Орусиянын Благовещенск шаарында студент өзү окуган колледжге ок чыгарып, 2 адам каза болду

Орусиянын Благовещенск шаарында студент өзү окуган колледжге ок чыгарып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 14-ноябрь күнү Амур колледжинде орун алган. Анда колледждин 4-курсунун студенти 19 жаштагы Даниил Засорин аудиторияга куралчан кирип келген. Ал чогуу окуган тайпалаштарына курал тактап, аудиториядан сабак берген мугалимин чыгарып салган.

Мугалим колледжге жакын жайгашкан дүкөнгө барып, полиция чакырткан. Ал эми окуу жайдын күзөт кызматкерлери студентке каршы күч колдонушкан, бирок эки адам каза болгон. Алардын арасында куралчан студент дагы бар.

Алдын ала маалыматтар боюнча, студентти кечигип келгендиги үчүн сабактан чыгарып салышкан. Окуя ошол себептен болгону айтылууда. Октон жабыркагандар 17, 18 жана 20 жаштагы студенттер. Учурда алар ооруканада. Биринин абалы оор. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, студент мурда бир дагы жолу чыр-чатакка аралашкан эмес. Анын курсташтары ал абдан тынч жүргөн студент экенин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан