Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын жашоочусу смартфонду чегинен ашык колдонгону үчүн сол көзү көрбөй калды. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазып чыгышты.
Анда айтылгандай, ал жаран өзүнүн мобилдик телефонунан түн бою оюн ойногон. Эртең менен кайрадан колуна телефонду алганда, сол көзү эч нерсени көрбөй калганын байкаган. Текшерүүдөн өткөндөн кийин дарыгерлер көзгө кан жеткирүүчү кан тамырлары жарылып кеткен деген диагноз коюшкан. Бул абал вальсалдык ретинопатия деп аталат.
Дарыгерлер бейтаптын көзүнө операция жасап, анын көрүүсү бир айдан кийин калыбына келерин айтышкан.