Кечээ, 14-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Санта-Кларита шаарындагы мектепте ок атуу болуп, анда эки окуучу каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кол салууга 16 жаштагы Натаниэль Берхоу аттуу өспүрүм шектелген. Ал өз туулган күнүндө мектепке курал алып келип, ок чыгарган.
"Ал сабакка кара кийимчен келип, пистолет менен ок аткан. Андан соң ал өзүн башка аткан. Шектүү оор абалда ооруканага жеткирилген. Кол салуунун себептери аныкталууда. Берхоунун огунан 14 жаштагы бала жана 16 жаштагы өспүрүм кыз каза тапкан. Ошондой эле 6 окуучу жарадар болушкан ", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 15-ноябрда шектүү Натаниэль Берхоу ооруканада көз жумганы белгилүү болду.