"Ну, погоди!" (Сениби, шашпа!) мультипликациялык фильминин жаңы сериялары тартылат

"Союзмультфильм" популярдуу болгон "Ну, погоди!" (Сениби, шашпа!) мультипликациялык фильминин жаңы серияларын тартууну пландады. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Ага ылайык, бул иш "Ну, погоди!" (Сениби, шашпа!) мультипликациялык фильмине 50 жыл толгонуна байланыштуу жасалып жатат.

"Анын алгачкы сериялары 2020-жылдын жай айларында көрсөтүлө баштайт. Жалпысынан 26 серия тартылат. 50 жыл өтсө дагы "Ну, погоди!" (Сениби, шашпа!) көрүүчүлөр арасында популярдуулугун жогото элек. Андыктан мультфильмдин жаратуучулары бул нерсе жаш муундарга дагы белек болот деген ойдо", - деп айтылат маалыматта.

"Союзмультфильм" жараткан сериалдын эң алгачкы бөлүгү 1968-жылы 1-январда эфирге чыккан. Анимациянын сүрөтчүсү Владимир Тарасовдун айтымында, коёндун каарманынын прототиби, анын үнүн коштогон актриса Клара Румянованын образынан алынган. Ошондой эле мультфильмдин музыкасын жазган, ал кезде эч ким тааныбаган венгриялык композитор Томаш Дик бир заматта популярдуу болуп чыга келген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
salimbek87.kg
2019-11-15 18:45:23
Чоң киши болсом да ушу ну погодини көрүштөн тажабаймын
+15
murat17
2019-11-15 19:22:18
salimbek87.kg,туура айтасын
+3
Abdizhapar
2019-11-17 08:35:57
salimbek87.kg,каяка чонсун бешиктен белин чыга элек болсо керек
0
Makul
2019-11-15 18:57:27
Ушу мультфильм менен чоңойдук да
+13
murat17
2019-11-15 19:22:34
Makul,балалык эске келет
+6
Weber29
2019-11-15 19:32:02
Ну, погоди
+6
Jelezo
2019-11-15 21:02:46
50 дөн ашкан мен тажабайм кичигемден бери көрө берип.
+4
Margo82
2019-11-15 22:22:51
))))Елкага не болуп барасын десен,ну погоди болом деп,карышкырдын аты ну погоди деп ойлойт элек да.
+6
shahlet
2019-11-16 05:39:35
Эми заманбап коен менен карышкырды корот экенбиз ээ! XXI кылымдын
+2
kechirmeni
2019-11-16 09:15:29
Жаратуучулары карып калышса керек уже, кээ бирлери каза болуп дегендей
+1
temirov76
2019-11-16 20:59:49
Ну погодиииии!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан