Крымда 5 жаштагы Даша Пилипенко аттуу кыз дайынсыз болуп, аны укук коргоо кызматкерлеринен тышкары жүздөй ыктыярчы издеп жаткан. Анын жансыз денеси табылганын орусиялык маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, Дашанын өлүмүнө шектелип өгөй атасы кармалды. Ал тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздын денесин кайда көмгөнүн айтып берген. Ал кызды өлтүргөндөн кийин кылмышын жашыруу максатында аны үйүнөн алыс эмес жерге көмүп салган. Ал кичүү уулун алып башка өлкөгө чыгуу аракетин көргөн, бирок бул ою ишке ашкан эмес. Андан кийин укук коргоо органдарына кайрылып, мен жумуштар менен кетип, кайра келгенде кызым жок экен деп билдирип, издөө иштери башталган. Окуя 12-ноябрда болгон.
Учурда шектүүгө карата кылмыш иши козголгон. Анын өгөй кызын өлтүрүүгө эмне себеп болгондугу такталып жатканы жана тиешелүү экспертизалар дайындалганы жазылат маалыматта.