Англиялык Питерборо шаарынын 37 жаштагы тургуну Мэнди Полларддын мурдунда пайда болгон кал үчүн мурдунун жарымын кесип салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алгач Мэнди мурдундагы чекитке маани берген эмес. Качан гана ал чоңоюп, кечинде канай баштаганда дарыгерге көрүнгөн. Хирург калга окшогон нерсе шишик экендигин, операция жолу менен терини трансплантация кылуу керектигин, антпесе 5-10 жылдан кийин мурдунан айрылып калуу коркунучу бар экендигин айткан. Дарыгердин айтымында, шишикти алып салбаса, терисин жей бермек. Мэнди хирургдун кеңеши менен операцияга макул болгон. Жыйынтыгында хирургдар Мэндинин мурдунун жарымын кесип, бетинен алынган тери менен жамап коюшкан. Эми болсо ал операция ийгиликтүү болдубу же жокпу "убакыт көрсөтөт" деп күтүп жүрөт.