Италияда ажырашкан эркектер үчүн баш калкалоочу жайлар ачылууда

Италияда аялы менен ажырашып, соттун чечими менен мүлксүз калган эркектер үчүн атайын баш калкалоочу жайлар ачылууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, статистика Италияда сот эркектерге мүлктү калтырган чечимдерди дээрлик кабыл албагандыгын көрсөткөн. Мындан аталган өлкө улам үй-бүлөсүнөн эле эмес, бүтүндөй мүлкүнөн да ажырап калган эркектер үчүн убактылуу жашап туруучу жайларды ачууда. Маалыматта аларга "жаңы кедейлер" деген макам да берилери жазылган.

Түгөйлөр ажырашкан учурда алардан 60 пайыз эркектерге мүлк тийбей калат. Балдар апасында калгандыктан, мүлк аялдарга бөлүнөт. Ал эле эмес ажырашкан эркектердин 94 пайызы балдарына гана эмес, мурдагы жубайына кошуп алимент төлөөгө милдеттендирилген.

Мындай абалды байкаган диний, коомдук уюмдар жана ыктыярчылар бул абалга туш болгон эркектердин борборун ачууну демилгелешкен. Ага келген эркектер материалдык жана психологиялык жактан жардам ала алышат. Ошондой эле ал жерден балдары менен да жолугушууларды өткөрүүгө шарттар каралган. Борбор келгендерге бир жылга чейин жардам көрсөтөт. Бул убакыт ичинде мырза кайрадан калыбына келип, жумушун, жашоосун ирээттештирип алуусу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Begimay.emir1
2019-11-16 18:04:53
Бизде ушул мыйзамды киргизишсе, эркектер кысып жашашат да ажырашпай же мулкунун баарын ата-энесине каттатып калышат
+10
555-777
2019-11-16 18:14:29
Begimay.emir1, Ооба, өтө жакшы болмок бизге да ушундай мыйзам киргизсе, болбосо байкуш энелер 3,4 балдары менен көчөдө калышууда бараарга жерлери жок.
+10
daniel87
2019-11-17 15:01:58
555-777,эч качан 3,4бала менен акыл эстуу, билимдуу мээси бар келин, эже, карындаштарыбыз кочодо калышпайт! Турмуш кураарда кичине матриалдык, моралдык жактан даярсынбы,дегеле коп нерсеге даярданыш керек, кичине акылды иштетип койсок болот, турмуш анткен менен алдынкы кундор баары табышмакда
-1
Dilbaranurdinova
2019-11-17 15:54:17
daniel87, созунузго кошулам эже
0
Gsuita
2019-11-17 12:28:09
Begimay.emir1,Ата-энелерине каттатат көпчүлүгү азыр деле, биздин эркектер жашоосуна ишенишпей ушинтет.
+4
daniel87
2019-11-17 15:04:27
Begimay.emir1,бизге жаштарга финансылык сабаттуулукту, эстеп кысап масалесин жакшылап уйронсок болгудай, нормалдуу эси бар, акылы жайында адамдар ажырашканда эки тарапка бирдей кылып болуштурушот, ажырашуу дегеле оор процесстерге кирет.
0
Alia82
2019-11-16 19:00:23
Ушул маселеде мусулмандардан жакшы кам корушот экен аа аялдарга жана балдарга
+12
Jelezo
2019-11-16 19:23:53
Жөн эле ажырашпайт да анакондага туш келип калгандар баарын кечип айласыздан ажырашышат болуш керек ким эле көчөдө калгысы келсин.
+5
Aikaaaa
2019-11-16 23:40:10
Jelezo,аны да өзү анаконда кылып алат да, жакшы мыйзам экен, бизде да ушундай болсо болмок, канча жыл чогуу жашап эчнерсеге ээ болбогон аялдарыбыз толтура. Анан болгон жерлерин кысып жашашмак, талаада калбайын деп
+5
Jufate
2019-11-17 08:06:52
Mm
0
daniel87
2019-11-17 14:58:33
Италиялыктардыкы туура эмес деп ойлойм! Европа эмес мен Россияда жашайм бугунку кундо чогуу тааныш билиш жергиликтуу жаш, карысы кобу балалуу болушту каалашпайт! Официалдуу баш кошушту да каалашпайт бирок баары эле эмес албетте! Биз кыргыздардын каада салты уй булоо тууралуу ата бабадан калган уй булоо куруу маданияты жогору, ата эне, эже, карындаш колунан келишинче карашат, эгер ажыраша турган болсоэч ким кочодо калбай турган кылып чечиш керек! Жашоо адамдарга туболуктуу эмес, бактылуулук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан