Казакстандын Уральск шаарында эркек киши аялы менен ажырашкандыгынын урматына 60 кымбат баалуу Жип үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, алардын коштоосунда шаарды айланган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эркек киши Уральск шаарына Чыгыш Казакстандын Аягөз шаарынан келген. Экс-жубайлар мыйзамдуу түрдө ажырашып, Уральск шаарындагы батирин сатып, акчасын тең экиге бөлүп алышкан. Кийинки күнү киши ижарага 60 Жип үлгүсүндөгү унаа алып, алардын коштоосунда шаарды айланып, кийин саунага барган. Ал жерден полиция кызматкерлери алып кетишкен.
Ар бир унааны саатына 15 миңден 20 миң теңгеге чейин ижарага алган. Полиция кызматкерлеринин айтымында, полицияны облусттук акимдин резиденциясынын кароолчулары чакырган. Себеби 60 унаа ошол көчөдөн өтүп, шаар тургундарына бир топ эле ыңгайсыздык жаратышкан. Кортеж 60 кымбат баалуу унаадан турган. Алар Toyota Land Cruiser Prado, Gelandewagen, Lexus жана башка үлгүдөгү унаалар болгон. Полиция кызматкерлери аларды Самал аймагынан токтотуп, унааларды ижарага алган кишини кармашкан.