Рождество майрамына белектер тизмеги: 10 жаштагы кыздын каалоолору социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырды

Рождество майрамына карата 10 жаштагы кыздын каалоолору түшүрүлгөн баракчанын сүрөтү социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырды. Америкалык Twitter колдонуучусу өзүнүн баракчасына 10 жаштагы кызынын Рождество майрамына белектердин тизмегин жазган сүрөттү жарыя кылган. Өспүрүмдүн каалоолору абдан жогору экен. Бул социалдык тармакта чоң популярдуулукту жараткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Ага ылайык, ал катта жаш автор Рождестводо iPhone 11, AirPods кулакчынын, MacBook Air ноутбугун, кымбат таштары менен сөйкө, Chanel атырын, кийимдери менен тирүү бакма коён, куурчак жана будильник алууну каалары жазылган. Мындан сырткары, 4 миң доллар акча болсо деле ашыктык кылбайт деп жазган. "Менин кызым 10 жашта, бул тизмени түзүп жатканда абдан берилип кеткен сыяктуу" деген таң калган атасы.

Бул пост 123 миң "лайк" жана 28 миңден ашуун ретвит чогулткан. Айрым колдонуучулар "ал эмнени каалаганын жана сураганды билет экен. Жакшы көрдүм", - деген жагымдуу маанайдагы пикирин калтырган. Ал эми дагы бир колдонуучу "4 миң долларды алса, башка тизмедеги нерселерин ошол акчага сатып алса болот" деген билдирүүнү калтырган.

Белгилей кетсек, Рождество майрамы христиандардын үй-бүлөлүк майрамы. Бул майрамды жыл сайын католиктер 25-декабрда майрамдашат. Бул күнү балдар Санта Клаусту жана анын белектерин күтүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан