Австралияга тооктун жумурткасындай болгон мөндүр жаап, жергиликтүү тургундар жабыр тартышты

Австралиянын Квинсленд штатына көлөмү тооктун жумурткасындай болгон мөндүр жаады. Ал үйлөргө жана унааларга зыян келтирген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Австралиянын түндүк-чыгыш аймагына көлөмү кадимки тооктун жумурткасындай болгон мөндүр жааган. Буга чейин синоптиктер штаттын тургундарына туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертишкен. Анда мөндүр эле эмес, күн катуу күркүрөп, бороон болору да айтылган.

Мындай аба ырайынын кесепетинен электр чубалгылары үзүлүп, 20 миң турак үй электр жарыгысыз калышты. Ал эми мөндүр үйлөрдүн, имараттардын жана унаалардын айнегин талкалап кеткен. Өзгөчө өлкөнүн түштүгүндөгү Саншайн-Кост аймагынын жашоочулары жабыр тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gospozhatsetok
2019-11-18 20:16:39
Тообо кылдым
0
Nurbany
2019-11-18 21:08:43
Тан калычтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан