Грузияда 14-ноябрдан тарта нааразычылык акциялар башталып, ушул күнгө чейин уланууда. Башкы себеп 2020-жылкы парламенттик шайлоо боюнча өткөрүү мыйзам долбоору кабыл алынбай калгандыгы болгон.
Каршылыгын билдирген жарандар парламенттин алдында нааразычылык акциясын өткөрүп башташкан. Бүгүн, 18-ноябрда активисттер парламенттин эшигин кулпулап, депутаттарды киргизбей тургандарын билдиришкен. Бирок, полиция чогулгандарды кууп, бир канча адамды кармап кетишти.
Парламенттин эшиги ачылып, бүгүн түштөн кийин депутаттар жумушун улантты.