Сейрек кездешүүчү көк түстүү алмаз 14 миллион 900 миң долларга сатылды

Сейрек кездешүүчү, иштетилбеген көк түстүү алмаз 14 миллион 900 миң долларга сатылды. Анын салмагы 20,08 каратты түзөт. Ал сентябрь айында Түштүк Африка Республикасынын аймагынан табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз алмаздын сатылган баасына ыраазыбыз. Себеби алмаз өз баасын актады" деп алмаз табылган "Petra Diamonds Cullinan" компаниясынын башкы директору Ричард Даффи билдирген. Бул алмаздын бир караты 741 миң долларга жетет. Сейрек кездешүүчү көк түстүү алмазды сатып алган ири компаниянын аты ачыкталбай тургандыгы айтылган.

Ушул эле жерден 1905-жылы дүйнөдөгү эң чоң алмаз табылган. Анын салмагы 3106 каратты түзүп, "Куллинан" же "Африка жылдызы" деп аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shahlet
2019-11-19 09:02:41
мага 1% эле берип койсо болот эле
0
Tolkun555
2019-11-19 13:07:20
shahlet,сурасан кооп сура .копчулукко сура
0
kechirmeni
2019-11-19 09:12:33
алмазды ала бергиле мага акчасын берсенер эле болот
0
Baktyluumun98
2019-11-20 01:10:41
Мен дагы ушундай баалуу таш таап алсам экен деп, издеп журом. Кудай буюруп таап алайын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан