NASA'нын эксперттери 2022-жылы 6-майда Жер планетасын кыйратуучу астероид түшө тургандыгын болжолдошууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Астрофизиктердин айтымында, аталган астероид Жер планетасына жакындап келе жатат. Ал Жерди кыйратуусу мүмкүн. NASA'нын окумуштуулары бул астероидди 2009-жылы эле байкашкан жана аны Sentry'нин коркунуч туудурган космикалык сыныктарды байкоо системине киргизишкен. Ал (NEO) "жердин айланасындагы объект" деп белгиленип, Күндүн айланасындагы орбитада жайгашкандыгы жана биздин планета үчүн өтө коркунучтуу экендиги айтылган. Эгер бул астероид Жерге түшсө, күчү 230 килотоннага жеткен жарылууну жаратат. Бул Жер планетасындагы бардык тирүү жандыктар үчүн өтө кооптуу.
1945-жылы Хиросимага ташталган атом бомбасынын жарылуусунун күчү 15 килотоннага жеткен.