Түркмөнстанда аялдарга айдоочулук күбөлүк берилбей жатат (видео)

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында аялдар мөөнөтү бүткөн айдоочулук күбөлүктөрүнүн ордуна жаңысын алууда тоскоолдуктарга учурап жатышат. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, аялдар мындай көйгөйгө жыл башынан бери кабылып келе жатат.

"Түркмөнстанда аялдарга айдоочулук күбөлүк алуу үчүн паспорттун көчүрмөсү, эски айдоочулук күбөлүк, сынактан өткөндүгү тууралуу карта, нике күбөлүгү, мындан тышкары, психолог, нарколог жана үй-бүлөлүк дарыгерден маалым кат талап кылынат. Ошол эле маалда бийлик аялдарга эмне себептен айдоочулук күбөлүк берилбей жатканы тууралуу маалымат беришкен эмес", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 2019-жылдын февраль айында социалдык тармактарга түркмөн полициясы айдоочу аялдын күбөлүгүн алып, кайра бербей жаткандагы видео тараган.

Ашхабадда полиция кызматы айдоочу аялдын айдоочулук күбөлүгүн алып, кайра бербей жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taalajbekakkya
2019-11-19 20:43:40
Туура кылат берсе биздегидей пропка
0
Kalmurzaev8900
2019-11-19 23:08:43
Саламатсызбы админ бизде айдочулук куболук корочкасы качан келет экен ушул туралу билип бербейсби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан