Кытайдын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасындагы жарылуудан 15тен кем эмес адам каза болуп, 9 адам түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, кырсык 18-ноябрда түшкү саат 13:50 чамасында катталган. Бул убакытта жер алдында 35 шахтёр иштеп жаткан. Азыркы убактагы маалыматка караганда, 18 адамды куткарып калууга үлгүрүшкөн. Окуя болгон жерде куткаруу иштери жүргүзүлүп, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, дал ушул сыяктуу кырсык 27-октябрда Кытайдын Сычуань провинциясындагы көмүр шахтасында болуп, анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 1 адам жаракат алып, экөө дайынсыз болуп калган. Кырсык жумуш убактысында шахтанын шыбы урап кеткендиктен болгон.