Мексикада фермадан 25 адамдын жансыз денеси табылды. Алар жиликтенип, мүшөккө толтурулган абалда болгон

Мексиканын Халиско штатындагы Тлахомулько-де-Суньига шаарындагы фермадан 25 адамдын жансыз денеси табылды. Алардын баары жиликтенип, мүшөктөргө салынган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, аталган фермадан адамдардын дене мүчөлөрү жиликтенген 52 мүшөк табылган. Укук коргоо органдарынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында, анда 20 эркек кишинин жана 5 аялдын дене мүчөлөрү болгон. Алардын ичинен 6 денени туугандары таанышкан, ошондой эле маалыматта алардын буга чейин сот жоопкерчилигине тартылгандыгы айтылууда.

Полиция кызматы аталган кылмышка шектүү катары 15 жаранды кармашкан. Кылмышкерлердин ичинен үчөө өспүрүм болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер баңги заты менен байланыштуу болгондугу жана алар адамдарды уурдап, зордуктап, кыйноолор менен өлтүрүшкөндүгү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sabway
2019-11-19 18:26:49
Эми ушундай жанылыкты жон эле койсонор болмок да, адамдардын психикасын бузбай(((
+21
asad9
2019-11-19 19:03:40
Туура эле баңгизат менен байланышкан кандай болоорун билип жұрсұндөр
-5
jalguzum
2019-11-20 00:34:14
Астагфиралла
+1
FC_CHELSEA
2019-11-20 01:07:35
Декстер Морган болуп кетишкен го )))
-1
Arman7
2019-11-20 11:15:25
Кинолордун пайдасы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан