Аргентинанын коопсуздук боюнча министри Патрисия Буллрич баңги затын кош бойлуу сыяктуудай көрсөтүп, курсагына катып бара жаткан аялдын кармалганын маалымдаган. Чет элдик басылмаларда жазылгандай, министр Буллрич анын жанында күйөөсү болуп көрүнүп бара жаткан өнөктөшүнөн 2 таңгак баңгизат табылбаса, ал аялдын кош бойлуулугунун жасалма экенинен эч ким шек санабай калмак.
Маалыматта жазылгандай, аялы-күйөөсүндөй көрүнгөн бул өнөктөштөр крахмал пастасынан кош бойлуу аялдын курсагындай болгон форманы жасап, анын ичине 15 таңгак марихуананы салышкан. Жалпысынан ал 4 килограммдан ашуун салмакты түзгөн.
Баңги затын ташып бараткан аял-эркек Аргентинанын Чили менен чектешкен аймагына жакын жеринен кармалган.
"Адегенде анын жанындагы эркек кишиден 2 таңгак марихуана табылган. Андан кийин кош бойлуу көрүнгөн "болочоктогу энени" да текшерүүгө туура келген", - деп жазылат маалыматта. Бул боюнча тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланган.