TikTok тиркемесин көчүргөндөрдүн саны 1 жарым миллиардга жетип, Instagram анын чаңында калды

TikTok тиркемеси App Store жана Google Play'ден көчүрүүлөрдүн саны боюнча Instagram'дан ашып түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, "Sensor Tower" сайтынын аналитиктеринин айтымында, бул тиркемени жыл башынан бери 1 жарым миллиарддан ашуун жолу көчүрүү катталган. Бул деген бир жыл мурункуга салыштырмалуу 6 пайызга көп дегендик. Тиркеме муну менен WhatsApp жана Messenger'ден кийинки үчүнчү орунга чыккан. Ал эми Facebook менен Instagram'ды артта калтырган.

TikTok'ту колдонуучулардын саны Индияда көп. Бул өлкөгө жүктөөнүн 31 пайызы туура келет. Андан кийинки орунда Кытай (11,5 пайыз) жана АКШ (8,2 пайыз) турат. Азырынча Instagram'дын TikTok'ко салыштырмалуу активдүү колдонуучулары көп. Instagram'дын 2018-жылы 1 миллиард колдонуучусу бар болсо, TikTok бул көрсөткүчкө 2019-жылдын июнь айында жетти.

TikTok - музыка менен коштолгон кыска видеолорду жасоо, түз эфирлерди жана билдирүүлөрдү алмаштырууга мүмкүн болгон социалдык тармак. Ал 2016-жылы ишке киргизилген. Аудиториясынын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munduz2016
2019-11-19 22:10:20
плеймаркеттен таппадым негедир
-1
Bolotbek7404
2019-11-19 22:42:10
Балактары деген не...
-1
Wibee
2019-11-20 07:34:26
Чанында калды де
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан