"Форбс" Ксения Собчакты Инстаграмдагы жарнамадан көп киреше тапкан жылдыз деп аныктады. Телеалпаруучу канча киреше табат?
Орусиялык "Форбс" журналы Инстаграм баракчасы аркылуу эң көп киреше тапкан блогерлерди аныктады. Алар шоу-бизнес өкүлдөрү болуп чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Форбс" журналы 14 жылдан бери шоу-бизнес өкүлдөрүнүн кирешелерин аныктап, рейтинг түзүп келет. 2019-жылдын эсебинен Инстаграмдагы жарнама аркылуу эң көп киреше тапкан орусиялык телеалпаруучу Ксения Собчак болду. Ал социалдык баракчасына күндө же жумасына бир нече ирет жарнама чыгарат. Анын баракчасынан Диор, Боско кийимдер брендин, Ауди автомаркасын, Белуга спирттик ичимдигин жарнамалаганын көрүүгө болот. Маалыматка ылайык, Ксениянын жылдык кирешеси 1 миллион 600 миң долларга бааланган. 860 миң доллардын айланасындагы киреше менен 2-орунду телеалпаруучу Регина Тодоренко, 3-орунду Ольга Бузова ээледи. Ошондой эле алдыңкы ондукка ырчылар Полина Гагарина,Елена Темникова, продюсер Яна Рудковская, мушкер Хабиб Нурмагомедов кирген. Алар жарнамадан орточо 500 миң доллар табары айтылат.