Өзбекстанда милиция имаратында иштеп жаткан 7 жумушчу газга ууланып, каза болду

Кечээ, 19-ноябрда Өзбекстандын Жизак облусундагы Заамин районуна караштуу Даштабад ШИИБдин имаратын оңдоп-түзөп жаткан жети жумушчу газга ууланып, мерт болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Ага ылайык, кырсык эртең мененки саат 07:30 чамасында болгон. Газга уулангандар окуя болгон жерден каза тапкан.

"Жумушчулар имараттагы бөлмөлөрдүн биринде түнөшкөн. Түнкүсүн газ плита күйгүзүп жатышкан. Түнү газ өчүп, кайра күйгөндө жумушчулар газга ууланып, каза болушкан. Каза болгондордун экөө Самарканд, калгандары Жизак облусунун тургундары болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча тергөө иши башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан