"Жалпы баасы 1 миллиард рублдан ашат". Орусиялык басылмалар Алина Кабаеванын мүлктөрү деген маалыматтарды жазууда

Орусиялык маалымат каражаттары "Открытые медиа" басылмасына таянуу менен көркөм гимнастика боюнча олимпиада чемпиону Алина Кабаеваны 655 миллион рублдан ашык каражатка жер тилкесин сатып алды деп жазышууда. Анда жазылгандай, Кабаева Москвадагы Рублево-Успенское шоссесинен 2018-жылы 25 сотых жер тилкесин сатуу-сатып алуу келишими боюнча алган.

"Открытые медиа" 2018-жылдын июль айына чейин Кабаеванын үй-бүлөсүнүн мүлкү анын туугандарына катталгандыгын жазган. "Reuters" басылмасы болсо Рублево-Успенск аймагында Кабаевалардын үй-бүлөсүнө тиешелүү 45 сотых жер тилкеси жана 2 хан сарайы бар экенин жазган. Ал мүлктөр Анна Зацепилинага жазылган. Кабаеванын чоң энесинин аты-жөнү да Анна Зацепилина.

Сөз болуп жаткан 25 сотых жер тилкесин Алина Кабаевага фигурист Антон Сихарулидзе саткан. Мүлктү сатуу боюнча риелтердик компания ал жер тилкесин белгилүү фигурант сатканын ырастаган. Бирок Сихарулидзе өзү бул тууралуу суроолорго жооп берген эмес. Дагы бир кызыктуу факт - Любовь Кабаева (апасы) Сочиге жакын жердеги Эсто-Садок айылындагы жер тилкесин 2010-жылы 49 жылга ижарага өткөрүп алган. Бул тууралуу Мүлктү каттоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестрде жазылган. Бул жер тилкесинин бир күндүк ижара акысы 300 рублга жакын. Сочинин аткаминерлери жер тилкесин ижарага берүүнүн тарифин көтөрүүнү сунушташкан. Ал эми ижарачылар, анын ичинде Любовь Кабаева да бул сунушка каршы болушуп сотко кайрылышкан. Соттук уктурууда ал жер тилкенин бир жылдык ижарасы 101 миң 500 рублды түзөрү айтылган. Жергиликтүү аткаминерлер аны 20 эсеге көтөрүүнү сунушташкан", - деп жазышууда орусиялык маалымат булактары.

Анда кошумчалангандай, Алина Кабаевага жана анын жакындарына Москва менен Санкт-Петербург шаарларындагы 6 батир, 2 турак үй, 70 сатых жер тилкеси жазылган. Булардын баасы 1 миллиард 25 миллион рублдан ашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Assalomuallekum
2019-11-20 19:55:38
Буйрусун бизгеда 3-4 жер тилкеси шаарга жакын жерден
+2
bond02
2019-11-20 22:22:36
Бул айымдын артында таасирдуу бир адам турат да, ошол учун ушундай.
-1
KaGaH
2019-11-21 00:07:56
bond02, Путиндин аялы болот
+5
rysik79
2019-11-20 23:23:14
Албек завхоздо жер 10 эсе коп го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан