Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити Түркиянын башкы прокуратурасы алгачкы маалыматын берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Хусейин Ахметалиев аттуу шектүү 1991-жылы Ош шаарында туулганын, Кыргыз жараны экенин айткан. Нормахамат Арипхонов 1988-жылы туулганын жана Кыргыз жараны экенин билдирген. Али Исбех аттуу шектүү өзүн "сириялыкмын" деп тааныштырган. Ал эми Абдуллах Энвер Өзбекстандын жараны экенин айткан.
Кармалгандардын жанында аты-жөнүн тастыктаган документтери жок болгон. Учурда Түркия тарап дагы алардын жарандыгын так аныктоо боюнча иштерин жүргүзүп жатат.
11-ноябрда Стамбул шаарында "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон.
Бул окуядан улам Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу Эркин Сопоков 12-ноябрда кызматынан бошотулган.