"Ювентустун" жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду сүйүктүүсү Жорджина Родригеске үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары италиялык "Novella 2000" журналына шилтеме берүү менен жазышууда.
Маалыматта айтылгандай, түгөйлөрдүн үлпөт тою Марокко шаарында коомчулуктун көзүнөн далдоодо жабык форматта өткөн. Айрым маалымат булактары алардын күйөөсү-аялы деген макамга өтүшүн жашыруун өткөргөндүгүн Жорджина менен Роналдунун апасынын мамилелери жакшы эместигине байланыштырууда.
Криштиану менен Жорджина 2016-жылдан бери мамиле куруп, 2017-жылы кыздуу болушкан. Жорджина Родригес испаниялык бийчи жана модель, ал учурда 24 жашта.