Таиландда лотереяны утуп алган күйөөсү аялынан качып кеткен

Таиланддын жашоочусу лотереяны утуп алган соң жубайы менен бөлүшкүсү келбей, билет менен качып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда Порнтида Чамнанвет жана анын күйөөсү Виджак Ваннапрасит лотерея билетин сатып алып, 6 миллион бат (14 миллион сомго жакын) утуп алышкан. Түгөйлөр утушун полициялык аймакка каттатып, экөө тең бөлүшүп алмай болушкан.

Бирок эртеси Ваннапрасит жубайына утуштун үчтөн бирин гана берерин айтып чыккан. Акчанын айынан жубайлар уруша кетип, күйөөсү лотерея билетин алып, качып кеткен. Ызаланган Порнтида жолдошуна лотереядагы сумманы бербешин суранып, полицияга кайрылган. Бул окуя тай басылмаларына жайылып кеткен соң жолдошу кайтып келип, акчаны тең бөлүшүүгө сөз берген. Түгөйлөр учурда кайра элдешип, акчаны бөлүштүрүү алдында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MENMINGO
2019-11-21 12:10:30
Кулкулуу
+9
katerina.li
2019-11-21 12:15:57
Тайландда закон кучтуу,камап коет жон эле.
+5
suban78
2019-11-21 23:27:27
Каткырып, козунон жаш аккыча кулуп жаткан быйтыкча болсо онтани коймокмун.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан