Орусиянын президенти Владимир Путинди сотко беришти. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, Коррупцияга каршы күрөш фонду ага карата жасалган иштер мыйзамсыз болгонун билдирип, Москванын Тверск сотуна кайрылышты. Бул фондду оппозиционер Алексей Навальный жетектейт. "Коррупцияга каршы күрөш фондуна кылмыш иши козголуп, фонддун кызматкерлери куугунтукталып жатканына Путиндин тиешеси бар", - деп айтышат фонддун кызматкерлери.
Бул боюнча Кремль эч кандай маалымат бере элек.