Дагестанда кызын баккысы келбеген аял аны сууга чөктүрүп өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылы сентябрь айында Чонтаул айылында орун алган. Анда 27 жаштагы аял кызын баккысы келбей, аны сууга ыргытып жиберген. Иликтөө иштеринин алкагында белгилүү болгондой, кылмышка шектелип жаткан эне кыз сууга чөгүп кеткиче аны карап турган. Андан соң ал кылмыш кылган жеринен изин жашырып кеткен.
"Кыздын жансыз денеси 3 күндөн кийин дарыядан табылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө иштери аягына чыгып, сотко өткөрүлдү. Жакында соттук процесс башталат", - деп айтылат маалыматта.