АКШнын Огайо штатында жашаган 27 жаштагы Бриттани Пилкингтон аттуу аял 3 баласын өлтүргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Ага алайык, ал мындай мыкаачылык кадамга күйөөсүн кызгангандан улам барган.
"Мага жана менин кызыма күйөөмдүн көңүл буруусу жетишсиз болчу" деген ал. Өлтүрүлгөн балдардын эң кичүүсү 3-4 айлык болгон. Аял күнөөсүн моюнуна алып, окуя тууралуу айтып бергенден кийин сот аны өлүм жазасына тартылбай турганын билдирген.
"Аял 3 баланы атайлап өлтүргөнгө айыпталып жаткан, бирок ал балдарынын бирин капысынан өлтүрүп алганын айткан. Баласы Найл 4 айлык кезинде капысынан үстүнөн басып өткөнүн, бул анын өлүмүнө себеп болгонун айткан. Андан кийин 2 баласын ал өзү жууркан менен тумчуктуруп өлтүргөн", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, Пилкингтон күйөөсү ага жана кызына эркек баласына караганда аз көңүл бурганын айткан. Жолдошу өзүнөн 20 жаш уулу, ал Бриттани Пилкингтон менен анын жашы жете элек кезинен тартып эле жыныстык катнашта болуп келген. Мындан улам анын жактоочусу ал кичинекей кезинен психикалык жактан травма алган деп, бул жагдайды эске алууну айткан. Ал эми аялдын күйөөсүнө карата жашы жете элек өспүрүм менен сексуалдык катнашка барган деп кылмыш иши козголгон. Балдарын өлтүргөн аялды сот 37 жылга эркинен ажыраткан.