Боливиянын президентинин убактылуу милдетин аткаруучу Жанин Аньес өлкөдө жалпы президенттик шайлоо өткөрүү боюнча жаңы мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Жанин Аньес мыйзамды кабыл алууда бирдиктүү пикирге келүү оңойго турбаганын белгилеп өттү.
"Биз өзүбүздүн милдетибизди аткарып жатабыз деп ойлойбуз. Өкмөттүн милдети - мүмкүн болушунча жаңы шайлоону эрте өткөрүү", - деди ал.
Шайлоо мыйзамында президенттик кызматты эки жолу катары менен аркалаган адам талапкерлигин коё албайт деп жазылган. Бирок Эво Моралесу төртүнчү жолу талапкерлигин коюп, шайлоодо жеңишке жеткен. Бул шайлоого көпчүлүк нааразы болуп, анын отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Буга чейин ал отставкага кеткенин жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткени айтылган.