Түштүк кореялык ырчы, актриса Гу Хара 28 жашында каза болду. Анын жансыз денеси Сеулдагы үйүнөн табылган. Полиция кызматкерлери изилдөө иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Ага ылайык, ырчы өлүмүнөн мурун кечинде Инстаграм баракчасына өзүнүн сүрөтү менен бирге "жакшы жаткыла!" деген билдирүүнү жайгаштырган.
Буга чейин, тактап айтканда, 2019-жылы 26-майда ырчы өмүрүн кыюуга аракет кылып, ооруканага түшкөн. Менеджеринин айтымына караганда, ал катуу депрессия болуп жүргөн. Депрессияга түшүп кетүүсүнө жана дарылануусуна атактуунун хейтерлер тарабынан көп сындала бергени себеп болгон.
Гу Хара 1991-жылы 13-январда Түштүк Кореянын Сеул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 2008-жылы "Kara" тобунун курамында дебют жасап, популярдуулукка жеткен. Ырчы актриса катары өзүн сынап көрүп, "Шаардык мергенчи" ("Городской охотник") сериалына (2011) тартылган.
Атактуунун жакын курбусу болгон ырчы жана актриса Соллинин да жансыз денеси өткөн айда өз үйүндө табылган. Анын өлүмү Түштүк Кореяда талкуу жаратып, "Солли өзүн өлтүргөн жок, аны хейтерлер өлтүрдү" дегендер көп болгон. Мындан улам, аталган өлкөдө жаман комментарий жазгандар боюнча атайын мыйзам долбоору иштелип чыкмай болгон.