Кытайда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Андан бир адам каза болгондугу тууралуу кытайлык басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, кырсык Дасинь уездинен анча алыс эмес жерде жергиликтүү саат 09:18 чамасында катталган. Кытайлык маалымат булактарынын жазганына ылайык, каза болгон кишиден башка жабыр тарткандар барбы, жокпу азырынча белгисиз.
Эске салсак, сентябрь айында Кытайдын күн-батыш тарабында күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын айынан бир адам каза болуп, 63 адам түрдүү жаракаттарды алган.