Атактуу түркиялык актриса Неслихан Атагүлдүн катышуусунда "Элчинин кызы" ("Sefirin Kızı") аталышындагы 10 сериядан турган сериал жакында жарыкка чыгат. Бул тууралуу актриса өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, сериалда баш каармандар Санжар (Энгин Акюрек) менен Нарэнин (Неслихан Атагүл) сүйүүсү баяндалат. Экөөнүн мамилесине ата-энелери каршы болгонуна карабай, жашыруун үйлөнүп алышат. Баш кошуп бактылуу жашап калышканы менен кийинчерээк алардын башына көп мүшкүл иш түшүп, бир топ сыноолорду басып өтүшөт. Күйөрмандардын кызыгуусун арттырып, күттүргөн драмалык сериал жакынкы күндөрдө көгүлтүр экрандан көрсөтүлүүсү пландалууда.