Индиянын Орисса (Одиша) штатынын тургуну Кумар Наяктын 32 манжасы бар. Мындай кемчилигинен тартынып, ал көчөгө дээрлик чыкпайт.
63 жаштагы Кумар Наяк тубаса полидактилия (колу, бутунун манжалары нормадан көп болгон анатомиялык көрүнүш) менен төрөлгөн. Анын колунда 12, бутунда 20 манжасы бар. "63 жылдан бери ушундай абалда жүрөм. Өзүм аз камсыз болгон үй-бүлөдө төрөлгөндүктөн, дарыланууга шарт болгон эмес. Кошуналар мени жез кемпир деп ойлоп, менден оолак жүрүшөт. Кээде мен тууралуу угуп кызыгып, атайын көрүп кеткендер бар. Ошон үчүн да дайыма үйдө болом", - дейт Кумар Наяк.