Улуу Британиянын Падышалык тыйын сарайы өлкө тарыхындагы эң чоң коллекциялык тыйынды алтындан даярдады. Тыйындын номиналы 5 миң фунт стерлинг (6 миң 447 доллардын тегереги), диаметри 17 сантиметр 5 миллиметр, салмагы 5 килограммды түзөт. Мындай маалыматты дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Тыйын Уильям Уайондун дизайны менен жасалып, ага Эдмунд Спенсердин поэмасынын каарманы менен аны коштогон арстандын элеси түшүрүлгөн. Поэманын каарманы ханыша Викториянын, ал эми арстан Британиянын элинин символу болуп саналат. Мындай сүрөттүү тыйын биринчи жолу 1839-жылы беш фунттук тыйын номиналында чыккан. Азыркы убакта тыйын сатылды, бирок анын баасы тууралуу маалыматтар ачыкка чыга элек. Мындай "Улуу гравёр" сериясындагы тыйындардан жалгыз ушул эле.
Падышалык тыйын сарайынын мурдагы жетекчиси Гордон Саммерстин айтымына караганда, коллекциялык тыйын гравировканын эски элементтери жана заманбап технология менен жасалган. 200 жыл мурунку дизайнды чеберлер дал өзүндөй түшүрүү үчүн электрондук сканерлөө жолун колдонгон, ал эми аягында штрихтер кол эмгеги менен жылмаланган.