Мергенчи адашып, досун атып өлтүрүп алды

Аңчылыкка барган достордун бири экинчисин адашып, атып өлтүрүп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

23-ноябрь күнү 30 жаштагы Малайзиянын тургуну Рикки Лимбинг досу менен аңчылыкка барган. Достор дарыянын боюна барып токтогон соң Лимбинг токойго кирип кетет да, досу кайыкта калат. Бир нече мүнөттөн кийин токой тараптан дабыш чыкканда цивета (жапайы мышыктар түркүмү) деген ойдо ок чыгарат. Жакындаганда гана ал досун атып алганын түшүнүп, дароо "Тез жардам" чакырат. Тилекке каршы, Лимбинг дарыгерлер келгенче кансырап каза болгон. Полиция мергенчини колго түшүрүп, куралын конфискация кылышкан. Аталган факты боюнча учурда изилдөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdizhapar
2019-11-26 23:30:08
Малайзиянын не кереги бар Кыргызстандын койгойун жазчы
+3
souza.j
2019-11-27 08:55:14
Катын дос болсо керек да кантип адашып атсын. 1/1000 болушу мумкун.
+2
aiba_00
2019-11-27 12:39:27
souza.j,Ошо да асманга деле атпайбы .
0
Tolik777
2019-11-27 13:00:45
Карагул ботом болгон экен да
+1
Dembele84
2019-11-27 14:47:44
Бизде болгон окшойт деп кире калыпмын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан