Албанияда катуу зилзала катталып, каза болгондордун саны 27ге жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Азыркы таптагы маалыматтарга ылайык, кырсыктын кесепетинен 27 адам каза болуп, 600 киши түрдүү жаракаттарды алган. Жер титирөө кечээ, 26-ноябрда Дуррес шаарындагы райондордун биринде катталган. Мындан өлкөнүн борбору болгон Тирана шаары катуу жабыркаган. Жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткен. Зилзаланын толкуну коңшу өлкөлөргө Түндүк Македония, Сербия, Босния жана Герцеговина, Греция, Хорватия өлкөлөрүнө чейин сезилген. Миңдеген имараттар талкаланып, андан 43 адам куткарылган.
Белгилей кетсек, бул Албания Республикасындагы 30 жыл ичиндеги кыйратуучу жер титирөө болгон. Кырсык жергиликтүү убакыт менен саат 03:54 чамасында катталган. Кырсыктын кесепетинен көп имараттар кыйроого учурап, мектептерде окуу токтотулган. Сейсмология институтунун эксперттеринин "Еspreso" басылмасына берген интервьюсунда жакынкы күндөрү кыйратуучу жер титирөө Хорватиядагы Дубровник шаарынын тегерегинде болушу мүмкүн экендигин айтышкан.