Аттракцион кызматкерди өлтүрө сүзгөн

Берлинде "америкалык горкалар" аттракционунун вагону кызматкерди өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

23-ноябрь күнү Берлинде Рождество жарманкесинде "Америка горкалары" аттракционун тейлеген кызматкерди аттракциондун вагону сүзүп кеткен. Бул окуяга ошол жерде турган бир үй-бүлө күбө болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип, кызматкерди жандандырууга аракет кылышкан. Тилекке каршы, алардын аракети ишке ашпай, кызматкер окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми күбөлөргө психологиялык жардам көрсөтүлгөн.

Аттракциондун кызматкеринин өлүмүнөн кийин жарманке ачылганына бир күн болгонуна карабай, жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан