Аял дүкөндө төрөп, ымыркайды базарга таштап кеткен

Орусиянын Ессентуки шаарынын жашоочусу дүкөндө төрөп, ымыркайды баштыкка салып, базарга таштап кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ставрополь аймактык иликтөө комитетинин маалыматына ылайык, окуя сентябрь айында болгон. Таштап кеткен ымыркайды сатуучу көрүп калып "Тез жардам" чакырган. Өз убагында келген медициналык кызматкерлер ымыркайды аман алып калышкан. Жакында гана 35 жаштагы энеге карата ымыркайдын энеси тарабынан адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, аялдын эки баласы бар. Аны ата-энелик укуктан ажыратуу маселеси да каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AiperiO
2019-11-28 02:39:52
Ушуга окшогон келесоолорго торотту женилинен берип коет окшойт аа.
+12
KAYRATBEK
2019-11-28 05:18:10
Бир нерсе дейин десен озубуздун да кыздарыбыз булардан кем калбай атат. Ошол учун бир нерсе деш ото кыйын.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан