Кайран өмүр. АКШда өмүр бою эркинен ажыратылган өспүрүмдөр 36 жыл абакта отурган соң акталды

1983-жылы АКШнын Мэриленд штатынын жашоочулары Альфред Честнат, Эндрю Стюарт жана Рэнсом Уоткинсон 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип кармалышкан. Өмүр бою эркинен ажыратылган өспүрүмдөр 36 жыл абакта отурган соң акталып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Дьюит Дакетт аттуу окуучу мектепке бараткан жолдо атып өлтүрүлгөн. Чоң резонансты жараткан кылмышка 16 жаштагы үч окуучу шектелип, 1984-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

2019-жылы Альфред Честнат тапкан жаңы күбөнүн көрсөтмөсүнүн негизинде ишти кайра карап чыгышкан. Үчөө акталган соң мамлекеттик айыптоочу Мэрилин Мосби өкүм көп катачылыктар менен чыгарылганын айткан. Укук коргоо органдары жашы жете элек күбөлөргө басым кылып, туура эмес маалымат бердиришкен. Ал эми тергөөчүлөр бир нече күбөлөрдүн башка бирөөнүн атын аташса да ага көңүл бөлүшкөн эмес. Кезинде үч окуучуга каршы көрсөтмө бергендер кийин сөзүнөн кайтып кетишкен. "Мен бүгүн болгон окуяны жеңиш деп айта албайм. Бул трагедия. Биз бул окуя үчүн жоопкерчиликти алышыбыз керек", - деген Мэрилин Мосби.

Мэрилиндин айтымында, Мэрилендде адилетсиз соттолгондор үчүн компенсация каралган эмес. Андыктан ал бул суроону чечүүгө убада берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alia82
2019-11-28 13:56:11
Аиий кандай гана окунучтуу, ата тегим тааныбаган адамдар болсо да ичим ачышты, каралар деп ушундай мамиле кылышыптыр эле да, жалган жалаадан сактасын
+21
Azat.1996
2019-11-28 14:11:57
Кайран өткөн 36 жыл өмүр ай. Жаштыктын гүлдөп турган чагынын башатында темир тор артына киришип, жаштыктын, өмүрдүн кызыгы кеткен учурунда чыгышканы өкүнүчтүү. Бир келген жашоодо үй-бүлө күтүп, бала жытын жыттоо бактысы буюрбаптыр! Барксыз өткөн өмүр ай!!!
+11
Jelezo
2019-11-28 14:25:08
Демократиянын туу чокусу болгон Америкаңда мындай жалган жалаа менен соттолгон адамдар көп.
+8
PROS
2019-11-28 22:14:05
Jelezo, америкада чокусуна демократиябы?! Двойной стандарт бүт жеринде, черныйларга келгенде демократиянын "д"сы иштебей калат го
+2
Makedonia
2019-11-29 09:50:05
PROS, Туптуура. Америкадагы деРмократия - бир ууч бай кишилердин оз кызыкчылыгы учун колдонгон куралы.
0
Dembele84
2019-11-29 08:35:01
Очень жаль
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан