Кытайда реалити-шоуго тартылып жаткан учурда белгилүү актёр каза болду

"Шанхай чеби" ("Шанхайская крепость"), "Байыркы кылыч тууралуу уламыш" ("Легенда древнего меча") жана башка тасмаларда, сериалдарда ролдору менен белгилүү болгон тайвандык актёр, модель Годфри Гао съёмка учурунда каза болду. Окуя Кытайдын Нинбо шаарында 27-ноябрда орун алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актёр съёмка учурунда эс-учун жоготкон. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 3 саат жаткандан кийин каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби - жүрөгү оорусу кармап калган деп айтылууда.

Годфри Гао 1984-жылы 22-сентябрда Кытайда төрөлгөн. Ал 2011-жылы дүйнөлүк бренд "Louis Vuitton" компаниясынын жарнамаларына тартылып, компаниянын жүзү болгон. 2013-жылы америкалык "Өлүмдүн куралы" ("Орудия смерти") тасмасына андан кийин "Личуанды эстеп" ("Вспоминая Личуань") сериалына тартылып, Кытайда белгилүү болгон. Мындан тышкары, ал "Менин башка үйүм" ("Мой другой дом"), "101 сунуш" ("101 предложение") жана башка тасмаларда роль жараткан.

“Орудия смерти

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sharipa-asia
2019-11-28 21:52:38
Жаш өлүм эмнегедир көп,жаштарга өмүр берсин!
+5
zzz---zzz
2019-11-28 23:01:15
Оружия смерти болобу, же орудия смерти кайсынысы туура?
+1
Nur777
2019-11-28 23:35:29
zzz---zzz,экоо эки башка соз,ОРУЖИЕ-курал жарак(мылтык,пистолет ж.б),ОРУДИЕ-аспап,мисалы орудие труда-эмгек шайманы,орудие преступления-кылмышка колдонгон аспап,а кино "Орудие смерти"-"Олум аспабы" же куралы...
+5
Nur777
2019-11-28 23:36:20
Жапжаш,сулуу,белгилуу актер болгон экен,жалко...Бейишин берсин..
+1
Munarbek98
2019-11-29 11:58:05
Nur777, мусулман эмес болсо керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан