Канцлер Ангела Меркель трибунага чыгам деп чалынып кетти

Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде өтүп жаткан конференцияда сөз сүйлөө үчүн трибунага чыгып бара жатып, чалынып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ага ылайык, көп тараптуу соода темасына арналган бул конференцияга соода жана өнөр жай тармагынын өкүлдөрү катышкан.

"Ангела Меркель трибунага чыгам деп тепкичти байкабай, аз жерден жыгылып кете жаздады. Канцлер чалынып, бирок кайра туруп кетти. Трибунага чыккан соң, тепкичти байкабай калганын, кийинкиде сөзсүз аны колдонорун айтып тамашалады", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, канцлер конференцияда Дүйнөлүк соода уюмунда өзгөртүү жасаш керек экендигин белгилеп өттү.

Германиянын канцлери Ангела Меркель трибунага чыгам деп мүдүрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bond02
2019-11-29 11:40:06
Атактуу болсон ушундай да, ар бир кадамынды козомолдоп турушат. Биздей катардагы адам болсо оонап калсан деле эч кимдин иши жок.
+20
kechirmeni
2019-11-29 11:45:47
Байкуш ушул эже жагат мага, немистердин чону болсо да чонмун дебей абдан жонокой, эми чалынганы тууралуу, чалынбаган ким бар чалынат да адам болгондон кийин. Тем более жашы да бир топко барып калды
+17
Mister-X
2019-11-29 12:08:09
Карыганын сезсе,
Журо бербей кечке,
Ангела эжекемдин,
Жашы сексен беште.
+6
Wibee
2019-11-29 14:50:03
Каарыганда калчылдабай
Олтурса үйдө болот эле
Берсе болмок жаштарга креслону
Миссис Ангела чон эне.
Кайделе эми жок болсун
Анын акылдай акыл немистерде.
-7
katerina.li
2019-11-29 15:07:44
Wibee,немистерде айымдарды фрау дешет. Миссис эмес
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-11-29 12:45:53
Караганда алжандабай отурбайбы уйдо эми
-14
adiaza
2019-11-29 15:47:19
KYRGYZ_bolson_BRAT,башкаларды эмне кыласын биздикилер деле баары каарыгандар 60 каштан отушту, иштеген биро жок баары эле жегичтер
+5
bessmertiy
2019-11-29 13:33:05
Карыса да дүйнөгө таасири бар аял. Өмүрүн берсин.
+13
katerina.li
2019-11-29 13:41:06
Баягы эле эркектер кыргыздын,оозунардан жакшы соз чыгабы?? Ангеланын а сына да татыбайсынар,анан суйлойсунор. Аял болсо дагы дуйнодогу эн кучтуу олкону башкарып келе жатат
+13
souza.j
2019-11-30 05:54:53
katerina.li,кайсыл А сын айттын.
0
tachkomur
2019-11-29 15:29:38
Буттан кулаган турат тилден кулаган турбайт
+6
Dushabolna
2019-11-29 20:53:49
Эми ушуну эмнеси жанылык. Жыгылат да Адам болгондон кийин. Байкабай калыптыр байкуш.
+2
Paol
2019-11-29 21:45:49
Ну и что бывает
0
suban78
2019-11-30 10:12:47
Балээ барбы анан трибунада. Отура бер ордунда тынч эле, бироо мышыгыны пыш дебей жаткандан кийин.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан