Орусияда кулакчын менен жүргөндөргө жолдогу кооптуу абал тууралуу эскертүү берүүчү мобилдик тиркеме иштей баштайт

Орусияда кулакчын менен жүргөндөргө жолдогу кооптуу абал тууралуу эскертүү берүүчү мобилдик тиркеме иштей баштайт. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Анда смартфонго алек болуп же кулакчын тагып, эки жагын байкабай калган жөө жүргөн адамдар жол кырсыгына көп кабылып жаткандыктан, алардын коопсуздугун камсыз кыла турган тиркеме иштелип чыгып жатканы айтылган.

"Жасалма интеллекттин базасында иштелип чыккан бул тиркеме жөө жүргөн адамдар үчүн сунушталат. Тиркемени ойлоп тапкандар мындай программа айрыкча жаштарга керектүү деп ойлошот. Себеби көпчүлүк учурда кулакчын тагып алып, музыка угуп бара жаткан жаштар коопсуздук чараларын унутуп калышат. Ал эми смартфонго тиркелген атайын программа адамдарга жакындап келе жаткан унаалар тууралуу эскертип турат. Мындан тышкары, бул систем "Автодата" программасынын бир бөлүгү катары дагы иштейт. "Автодата" тиркемеси - айдоочулар үчүн иштелип чыгып, жолдогу абал тууралуу кабар берип турат. Анын жардамы менен айдоочулар "акылдуу жол чырактардан" топтолгон маалыматтар тууралуу кабардар болот. Ошентип тиркеменин жардамы менен айдоочулар дагы, жөө жүргүнчүлөр дагы жолдун абалы, ал аймактагы аба ырайы, ар кандай кырдаалдар тууралуу маалымат алышат", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жалпысынан бул долбоорго 4-5 миллион рубль сарпталары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekturbek
2019-11-29 16:03:54
Адамдар робот эле болуп калды! Барып барып Ар-бир адамга,бирден койчуман керек болот окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан