АКШнын эң улуу жашоочусу 114 жашында каза болду

АКШнын эң улуу жашоочусу Алелия Мерфи 114 жашынын 140-күнүндө жашап жатып, каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал Нью-Йорк шаарында жашап келген. Алелия Мерфи АКШдагы эң узак өмүр сүргөн адамдардын сап башында турган. Ал 1905-жылы Түндүк Каролина штатында төрөлүп, 1926-жылы Нью-Иорктогу Гарлем районуна көчүп келген. Ал бүт өмүрүн тигүүчүлүк өнөрүнө арнаган деп жазылат маалыматта.

Эми АКШнын эң көп жашаган адамдарынын сап башында Түндүк Каролинанын жашоочусу Хестер Форд турат. Ал 114 жашта.

Азыркы учурда планетадагы эң узак өмүр сүргөн адам 116 жаштагы Япониянын жараны Канэ Танака эсептелинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azat.1996
2019-11-29 23:23:20
114 жаш... Ооууу жашаай берип зээригип кетсе керек да. Эмнеси болсо да жайы жаннаттан болсун
0
Nevestkaa
2019-11-30 02:29:44
Эдди Мэрфинин туугандары окшойт?
0
Tyty1990
2019-11-30 15:52:39
Nevestkaa,бир тууган таежесинин кошунасы
-2
Nevestkaa
2019-12-02 02:29:32
Tyty1990,ооооочень смешно
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан