Сицилияда үйлөрдү 1 еврого сата башташты

Италиянын Сицилия аралында жайгашкан Бивона шаарында үйлөрдү болгону 1 еврого (76 сом 86 тыйын) сатуу иштери башталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Ага ылайык, шаар анча чоң эмес, ал жерде жалпы 4 миң адам жашайт. Бул жерде эл 40 жыл ичинде эки эсеге азайган. Бивона өкмөтү кыймылсыз мүлктү ушундай таризде арзандатуу жолу менен жарандарды чакырууну пландашкан. Ал жердеги имараттардын көпчүлүгүнүн абалы жакшы эмес жана кайрадан ондоп-түзөөгө муктаж. Ошондуктан үйлөрдүн баасы арзан коюлган. Кайрадан оңдоо иштерине болжолдуу түрдө 2,5 миң евро каражаты кетери маалымдалган.

Мындан сырткары, Сицилиянын Каммарата шаарында 6 миң адам жашайт жана алар жаңы тургундарды тартуу максатында үйлөрдү бекер тараткандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Wibee
2019-11-29 19:40:23
Ремонко 2.5 эле евро кетеби ошондо 150сом
0
bekbolotabdirasulov
2019-11-29 20:18:10
Wibee,жоок €1 сатып аласын.
сатып алган сон орточо €2500 ремонт кылуу керек себеби, уйлору жараксыз абалда ошону учун бекер сатып атышат ошондо 170 000 сомго сатып алган болосуз общий!
+8
Kyrgyz_bloger
2019-11-29 19:48:11
Мага ошол жерден бир уй,жумуш берсе барам уурулардын олкосунон жададым Италиянын жарандыгын алууга даярмын эртен десе эртен.
+32
jasgul
2019-11-29 23:31:42
Kyrgyz_bloger, ал жерде анык итальянский мафиоздор, хулигандар жашайт. Уурудан качып, ууруга тутуласын.
-3
Wibee
2019-11-30 07:42:46
jasgul,аңдан качсаң дөнгө тийесин де
0
suban78
2019-11-29 19:58:33
Аз калды, жакында биздин чон соройлор бизди да сатып жиберишип, озулору онуккон чет мамлекеттерге кетип калышат. Биз унчукпай эле отурабыз кормоксон-билмексен эле болуп.
+16
urmat94
2019-11-29 20:43:04
Точно суроттогу жер болсо мен жашай берет элем сонун жер экенго
+14
Mister-X
2019-11-29 23:51:24
Сицилия кылмышкерлердин аралы.
+6
janym_balam
2019-11-30 18:39:26
Mister-X,точно мафиянын очогу
0
souza.j
2019-11-30 05:50:13
Каракчылардын мекени. 1 еврого да арзыбайт
0
arena2014
2019-11-30 05:57:52
Халал эттоо,пиязоо деп баралыбы же))
0
zzz---zzz
2019-11-30 11:07:36
Ал жерди Раим укпасын ошол жердин баарын сатып алып коёт. Ага кошулуп 120жепжутаттар
+3
Bekobala
2019-11-30 15:06:10
zzz---zzz,ал үйлөрдү жашаган адамдарга эле сатат
0
Kalmurzaev8900
2019-11-30 15:26:54
Мен бекер берседа жашабайт болчум барибир Кыргызстана эмне жетсин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан