Орусиянын Коми Республикасындагы Сыктывкар шаарында мектепке чоочун эркек киши кирип, окуучу кызга "медициналык кароо" жүргүзгөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, окуя 19-ноябрда болгон. Анда чоочун эркек киши мектептин кароолу турган жерге келип, ага өзүн окуучулардын биринин атасымын деп айтып, оңой эле мектептин ичине кирген. Бул аракеттери видеокөзөмөлгө түшүп калган. Андан кийин ал өзүн медицина кызматкериндей көрсөтүп, балдар сырткы кийимдерин чечкен жайга барган. Ал жерден өзүн дарыгер катары тааныштырып, 12 жаштагы окуучу кызга "медициналык кароо" жүргүзүп, мектептен кайра кетип калган. Көп өтпөй жаман ниеттүү адам деп аны кармашкан. Суракта ал мурда соттолгон 43 жаштагы адам экендиги белгилүү болгон. Туура эмес ниетте мектепке киргенин айтып, күнөөсүн моюнуна алган. Ага камакка алуу баш коргоо чарасы каралгандыгы жазылат маалыматта.