Улуу Британияда куруучу Стив Томсон 25 жылдан бери лотерея ойноп келген. Бул ирет ал өтө чоң утушка ээ болгонун чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, Стив Томсон жана жубайы Ленка лотереядан 105 миллион фунт стерлинг (9,5 миллиард сом) утуп алышкан. Алардын алдыдагы пландары тууралуу сурашканда биринчи кезекте кененирээк үй сатып алууну көздөп жатышканын айтышкан. Буга чейинки үйү чакан болгондуктан, алардын эки баласынын өзүнчө бөлмөсү жок болчу.
"Ленка словакиялык, ата-энесине жылына бир гана жолу барабыз. Бул үчүн акча топтоп каникулда барып келчүбүз. Кайра келип эле кийинки жылга акча топточубуз. Бул жолу биз ал жакка кенен барып келебиз", - деген алар.
Стив Томсон буга чейин куруучу болуп иштеген. Утуш тууралуу укканда өтө катуу толкунданганын, ал тургай жүрөк оорусу кармап кала жаздаганын айткан.
"Бирок толкунданууну токтоттум. Толкунданууга негиз жок. Буга чейин кардарлардын үйлөрүн куруп бүтүрөм деп убада менен алгам. Ушунча акча каражатым турса деле ошол иштерди аягына чыгарам", - деген ал.