АКШнын Орегон штатындагы Портленд шаарынын жашоочусу Мелисс Де Ла Мар аттуу аял 1992-жылы жоготкон нике шакегин кайра таап алды. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, ал шакек Де Ла Марлардын үй-бүлөсү үчүн өзгөчө мааниге ээ болчу.
Мелисс Де Ла Мар турмушка жаңы чыккан кезде күйөөсү экөө тоо-лыжа курортуна барып эс алышкан. Аял ал жактан нике шакегин түшүрүп алган.
"Ал шакекти менин апам атама турмушка чыкканда тагынган. Кийин жубайыма берилген. Биз үчүн анын материалдык баасы эмес, мааниси чоң болчу", - деген Мелисс Де Ла Мардын күйөөсү.
Арадан дээрлик 30 жыл өтүп ал шакек башка, Алабама штатында жашаган Хизер Лэнгли деген зергердин колуна түшкөн. Ага аны алып келген адам 1992-жылы Орегон штатындагы курорттон таап алганын айткан. Шакекке оюп жазылган жазуулардын жардамы менен зергер анын ээсин таап алган. Шакекти атайын өз ээсине тапшыруу үчүн Портленд шаарына барган.
Мелисс Де Ла Мардын кубанган үй-бүлөсү адамдын мындай аракеттерин баалап, ыраазы болушкан.
"Бул шакек мага эми чак келип калыптыр. Хизер Ленгли менен үй-бүлөлүк достор болуп калдык", - деген аял.